Саламаттык сактоо министри "Биовит" ЖЧКсынын фармацевтикалык заводунун өндүрүш процесстери менен таанышты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Чүй облусунун Сокулук айылында жайгашкан "Биовит" ЖЧКсынын фармацевтикалык заводуна барды.
"Иш сапардын алкагында министр компаниянын өндүрүш процесстери, инновациялык технологиялар жана дары-дармектерди өндүрүүдө колдонулган сапатты көзөмөлдөө менен таанышты", - деп айтылат маалыматта.