
Ысык-Көлдө беш жылдыздуу мейманкананын курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы
Каныбек Туманбаев социалдык баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында, Ысык-Көлдө заман талабына ылайык, бардык шарттары менен 5 жылдыздуу мейманкана курулат.
"Акыркы эки жылда курулуш тармагы жанданды деп айтсам болот. Анын катарында эс алуучу жайлар, коттедждер, 5 жылдыздуу мейманканалар курулуп, оңдолуп жатат.
Ысык-Көлдө дагы бир 5 жылдыздуу мейманкананын курулушу башталды. Бул заман талабына ылайык, бардык мүмкүнчүлүктөрү бар, сейил багы менен мейманкана болот. Кыргызстан мындан ары мыйзам үстөмдүк кылган, ар бир жаран тартипке баш ийген, туристтер жана инвесторлор үчүн эң коопсуз өлкөгө айланат", - деп билдирди Туманбаев.
Эске салсак, министрлер кабинети Азербайжанга мейманкана куруу үчүн Кара-Ой айылынан 17,24 гектар жерди мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгү менен 49 жылга бөлүп берген. Анын 12,32 гектарына курулуш түшсө, 4 гектары парк, 0,92 гектары пляж болот.
Өкмөт пансионатка чейинки жолду куруп, мейманкананы 10 жылга чейин салыктан бошотуу милдетин алары айтылган. Азербайжан үч жылдын ичинде мейманкананы куруп бүтүшү керек, жумушчуларынын 70 пайызын жергиликтүү тургундар түзүшү зарыл.