Ысык-Көлдө опузалап талап кылууга шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда облустук милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл ОИИБине 45 жаштагы жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, бейтааныш жаран коркутуу жолу менен Бостери айылында жайгашкан жер тилкесин башка адамга жазып берүүсүн талап кылып жаткандыгын билдирген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин (Опузалап талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголгон.
"Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү жарандын өздүгү аныкталган. Ал Бостери айылынын 36 жаштагы тургуну, ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары турган О.А. болуп чыкты", - деп айтылат маалыматта.
Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары уланууда.