Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 11-октябрда Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин (“Пара талап кылуу”) негизинде козголгон иш боюнча Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, Аксы району боюнча “көзөмөлчү” (смотрящий) М.А.К. кармалды.
"Кармалган адам физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуу жолу менен Аксы районундагы жеке ишкерлерден системалуу түрдө акча талап кылып жүргөнү аныкталган. Көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө М.А.К.нын жашаган жеринде каттоодон өтпөгөн ок атуучу куралдар жана ага ок-дарылар табылып, процессуалдык тартипте алынды", - деп айтылат маалыматта.
Кармалган жаран УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилди. Анын башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендигин аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
"УКМК пара талап кылуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулушу боюнча Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыктын нөөмөт кызматына телефон аркылуу кайрылууну өтүнөт: (03722) 5-60-49, (03722) 5-49-61", - деп айтылат билдирүүдө.