Ошто эл аралык баңги тобунун мүчөлөрү кармалды (сүрөт)

Ош облусунда баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелгендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Тажикстан-Кыргызстан-Өзбекстан каттамы боюнча өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизатын (гашиш жана апийим) ташуу менен алектенген эл аралык баңги топтун ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлду.

"11-октябрда Баткен-Ош унаа жолунун Ноокат районунун аймагындагы ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Орусиянын жараны Б.С.С. жана Кыргыз жараны Р.Х.Э. кармалып, алардан жалпы салмагы 20 килограмм гашиш жана 10 килограмм апийим чийкиси табылып алынды", - деп айтылат маалыматта.

Кармалгандар баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип камакка алынды. Учурда бул кылмыштын башка катышуучуларын аныктоо боюнча иш-чаралар уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан