Кечээ, 15-октябрда Бишкекте Мерседес Гелендваген унаасы оодарылып калды. Бул тууралуу маалыматты Милициянын кайгуул башкармалыгынан ырастады.
Маалыматка караганда, саат 12:30 чамасында 1990-жылы туулган А.Т. аттуу айдоочу Тойота Рикс үлгүсүндөгү автоунаасы менен Исанов көчөсү менен түштүк тарапка баратып, Фрунзе көчөсүнүн кесилишинен, чыгыш тарапка бара жаткан Мерседес Бенц 6-500 үлгүсүндөгү автоунаасы менен сүзүшкөн.
Натыйжада Мерседес Бенц G-500 үлгүсүндөгү автоунаасынын айдоочусу 1993-жылы туулган Н.Н. ооруканага кайрылган.
Учурда жол кырсыгына кабылган унаалар айып короого токтотулуп, тергөө иштери жүрүүдө.
Белгилей кетсек, буга чейин айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Бишкекте үлпөт тойдун кортежинде бараткан автоунаа оодарылып калганын жазып, жогорудагы кырсыктын сүрөт, видеолорун бөлүшкөн.