Бишкекте мыйзамсыз орнотулган жүздөгөн жарнама конструкциялары алынды

Бишкекте мыйзамсыз орнотулган жүздөгөн жарнама конструкциялары алынды. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы жарнамалык конструкцияларды алуу, иретке келтирүү ишин жүргүздү.

Ага ылайык, Свердлов району боюнча Жибек-Жолу проспектисинен (ЧЧК) баштап Курманжан Датка көчөсүнө чейин рейд жүрдү. Рейддин жүрүшүндө уруксатсыз орнотулган 398 жарнамалык конструкциялар алынды. Ошондой эле уруксат кагаздары жок орнотулган 75 чарчы метрди түзгөн 6 бастырма демонтаждалып, анын ичинен 2 бастырма Курманжан Датка көчөсүндө жана 4 бастырма Жибек-Жолу проспектисинде жайгашкан.

Мындан тышкары муниципалдык аймакка өз билемдик менен орнотулган 30 метрлик темир тосмо алынды.

Учурда Биринчи Май районунда демонтаждоо иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан