"Дагы 6 кылмышка катыштыгы бар экендиги аныкталды". Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды 

Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Ленин РИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 5-октябрда А.Б. аттуу жаран Ленин РИИБине Бейшеналиева көчөсүндө жайгашкан авиакассаларынын биринин кызматкерлерине чара көрүү арызы менен кайрылган. Жабырлануучу үстүбүздөгү жылдын 14-март күнү алар Бишкек-Эдинбург авиакаттамына эки тарапка авиабилетти 69 миң 613 сомго сатышканын, Эдинбургдан кайра Бишкекке учуп келерде авиакасса тарабынан кайтуу билети жокко чыгарылганын, кайрадан 46 миң 613 сомго авиабилет сатып алууга аргасыз болгонун айткан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү деп 1987-жылы туулган М.Д. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланып жатканы жана шектүүнүн ушул сыяктуу дагы 6 кылмышка катыштыгы бар экендиги аныкталганы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан