Бишкек шаарындагы кафелердин биринде уурулук кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-сентябрда болжол менен саат 05:00 чамасында Бишкек шаарынын Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан кафенин бирине белгисиз адам кирип, ал жерден жумушчунун документтери (айдоочулук күбөлүгү, паспорту) жана акча каражаттары салынган сумкасын уурдап кеткен. Келтирилген жалпы чыгым 70 миң сомду түзөт.
Бул фактынын негизинде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгында Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иши козголду.
"Козголгон кылмыш ишинин алкагында милиция кызматкерлери 13-октябрда Чүй облусунда жашаган 1982-жылы туулган Р.А.ны кылмышка шектүү катары кармашты. Бул жаран мурда бир нече жолу соттолгон жана кылмыш дүйнөсү менен тыгыз байланышы бар. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда уурулук фактысы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.