Бишкекте бүгүн, 14-декабрда Токтогул Сатылганов
атындагы Кыргыз улуттук филармониясында "Супер-Инфо" гезитинин жылдын
суперлерин аныктаган концерти өтүүдө. "Супер концерт-2013тө" жеңүүчүлөргө наамдар боюнча сыйлыктар тапшырылууда.
"Жылдын супер актрисасы" наамынын ээси "Салам, Нью-Йорк!" тасмасында роль жараткан Аида Тулебаева сыйлык алгандан кийинки кубанычы менен бөлүштү.
"Бул сынак боюнча уккан эмесмин. Бүгүн чалып чакырышты. Мен үчүн күтүүсүз белек болду. Аябай кубанычтамын,- деди Аида Кулибаева.