Ошто "Үлүштүк курулуш" долбоору алкагында көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды

Бүгүн, 16-октябрда Ош "Үлүштүк курулуш" долбоорунун алкагында 9 кабаттуу үйдүн курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, турак-жай 96 батирден турат. Үйдүн 1-кабатында соода түйүндөрү, жер төлөсүндө унаа токтоочу жай болот. Короосуна балдар аянтчасы курулуп, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.

"Жаңы турак-жай ички жасалгалары жана туташтырылган коммуникациялары менен толук түрдө 2025-жылдын төртүнчү кварталынын аягында пайдаланууга берилет", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, аталган долбоор шаар тургундарын турак-жай менен камсыздоо максатында Ош шаарынын мэриясы тарабынан үчүнчү ирет ишке ашырылууда.

Буга чейин, "Үлүштүк курулуш" долбоорунун алкагында эки көп кабаттуу үйдүн курулушу башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан