Сатаров Нурлан Бейшеналиевич президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Буга чейин аталган кызматты Элмира Садыкова аркалап келген.