Бүгүн, 16-октябрь күнү Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы аренада Ханчжоу шаарында өтө турган Пара Азия оюндарына катыша турган улуттук курама командага Кыргыз Республикасынын туусун тапшыруу аземи өттү.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Дене тарбия жана спорт департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев катышты.
Эдил Байсалов курама командага ийгиликтерди каалап, мурдагы пара Азия оюндарына салыштырмалуу спортчулардын санынын өскөнү, кыргыз спортундагы чоң жетишкендиктердин бири экендигин белгилеп, курама команданын капитаны Адилет Камчыбековго тууну тапшырды.
Белгилей кетсек, пара Азия оюндары 20-30-октябрь күндөрү өтөт. Ага Кыргызстандан спорттун 6 түрүнөн (жеңил атлетика, пауэрлифтинг, теннис, сууда сүзүү, шахмат жана дзюдо) 29 спортчу катышат. Мындан сырткары курама командада машыктыруучулар, атайын спортчуларга көмөк көрсөтүүчү гиддер жана медицина кызматкерлери бар.