Токмок шаарынын тушундагы айланма жолдо үч унаанын катышуусундагы жол кырсыгы катталып, эки адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ саат 15:39 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 57-чакырымында катталган. Анда Хендей Авенте үлгүсүндөгү унаасынын айдоочусу күн батыштан күн чыгышты көздөй бара жатып карама-каршы келе жатышкан Тойота Витц унаасын сол капталын чийип, андан соң анын артында келе жаткан Хонда Аккорд унаасы менен бетме-бет кагышкан.
Кырсыктын кесепетинен Хендай Авенте үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү Токмок шаарынын ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнөн көз жумушкан.
Ал эми Хонда-Аккорд үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жана эки жүргүнчүсү, Тойота Витц унаасынын бир жүргүнчүсү Токмок шаарынын ооруканасына кайрылышкан.