Ташиев баштаган Кыргызстандын делегациясы Тажикстанга барды

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы боюнча өкмөттүк комиссиянын кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Жыйын бүгүн, 16-октябрда Тажикстандын Бустон шаарында өттү. Жолугушуу Кыргызстандан Камчыбек Ташиевтин жана Тажикистан тараптан Саймумин Ятимовдун жетекчилиги астында өттү.
"Жолугушуунун жүрүшүндө делегация башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясынын калган тилкелерде өтүүсүн сыпаттоо боюнча макулдашууларды аткаруунун жүрүшүнө канааттангандыгын билдиришти.
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторуна жана укуктук маселелер боюнча жумушчу топторуна ишти активдештирүү жана бардык орун алган чек ара маселелерин чечүү боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди", - деп жазылат билдирүүдө.
Делегация башчылары 2-октябрдагы №44 протоколдун маанилүүлүгүн дагы бир ирет баса белгилеп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процессин тездетүү жана протоколдун жоболорун дыкат аткарууга даяр экендиктерин билдиришти.
Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан