Орусияга качып кеткен украиналык футболчунун атасы билдирүү жасады

13-октябрда 19 жаштагы украиналык футболчу Александр Распутько УЕФАнын Жаштар лигасынын тайпалык этабынын алкагындагы "Антверпен" - "Шахтёр" беттешинен кийин Украинага кайтып келген эмес. Айрым маалымат каражаттары жазгандай, Распутько Орусияга качып кеткен.

Өз кезегинде футболчунун атасы Юрий уулу Орусияга качып кеткенин тастыктаган. Regnum басылмасына берген маегинде ал уулу үчүн Орусия коопсуз деп ишене тургандыгын белгилеген.

"Азырынча ал "Шахтёрден" эмне себептен качканын айта албайм. Ал Орусияда жана ал жак сөзсүз коопсуз болот деп айта алам. Саясий башпаанек сураганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Менин балам сураган эмес. Ал орус паспортун алуу үчүн документ тапшырат. Эми баламды эч бир командада күтпөш керек. Ал бардык нерседен абдан чарчады. Ал азыр эс алып жатат, кийинкисин көрө жатарбыз", - деген Украинадан качып кеткен футболчунун атасы.

19 жаштагы украиналык футболчу Александр Роспутько аэропорттон дайынсыз жоголгон. Ал командасы менен бирге жүгүн өткөрүп, андан кийин жоголгон. Футболчу телефонун жана социалдык тармактагы бардык сүрөттөрүн өчүрүп салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан