Кыргызстандын абагында жаткан жарандар III континенттер аралык "Эркиндик үчүн шахмат" онлайн турнирине катышышты. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматы кабарлады.
Аталган турнирге дүйнөнүн 50 өлкөсүнөн 118 командадан турган соттолгондор катышып, Кыргызстандын командасы 4-орунду ээледи.
Байгелүү орундарды Индия, Монголия жана Филиппин мамлекеттеринин эркиндигинен ажыраган жарандары багындырышты.
Бардык катышуучуларга сертификаттар жана дипломдор берилди. Турнир 2019-жылы алгачкы ирет өткөрүлгөн.