Ысык-Көлдө Көлбаевдин кылмыштуу тобуна тиешеси бар делген он адамдын үйүнө тинтүү жүргүзүлдү (сүрөт)

Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн жогорку саясий жетекчилигинин уюшкан кылмыштуулукту жоюу боюнча ички саясий багытын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын алкагында, анын идеологиясын, финансылык жана материалдык негиздерин андан ары натыйжалуу демонтаждоо катары УКМК, Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмү, Ысык-Көл ОИИБи менен биргеликте кылмыш иши тергелүүдө.

"Анын алкагында Ысык-Көл облусунун аймагында 15-октябрда Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар төмөнкү адамдардын жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлдү.

1976-жылы туулган О.А.К., 1995-жылы туулган И.Б.Т., 1996-жылы туулган Э.Э.Э., 1963-жылы туулган К.Н.А., 1986-жылы туулган Т.у.К., 1970-жылы туулган Ж.Т.К., 1976-жылы туулган М.М.И., 1976-жылы туулган С.Т.К., 1971-жылы туулган К.Р.К., 1956-жылы туулган А.К.Ш.", - деп айтылат билдирүүдө.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан