Ошто криминалдык чөйрөгө байланышы бар, Ош шаарынын "смотрящийи" делген жаран алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2019-жылы Оштогу унаа базарында унаанын ээсине шектүү келип, анын унаасын алууга кызыкдар экендигин көрсөткөн. Ал базарда товарды мактап, сатуучунун ишенимине кирип, баасы 200 миң сомдук Ауди-А6 үлгүсүндөгү унааны алдоо жолу менен ээлеп алган. Жогоруда көрсөтүлгөн сумманын бир азын гана берип, жакынкы күндөрү калган суммасын алып келип берүүнү убадалап, дайынсыз болуп кеткен.
Бул факты боюнча октябрь айынын башында Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары Ош шаарынын тургуну 1983-жылы туулган М.З. кармалган. Алынган маалыматтар боюнча кармалган жаран мурда соттолгон, криминалдык чөйрө менен байланышы бар жана “смотрящий” криминалдык статусуна ээ. Ал Бишкектен кармалып, Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда иликтөө иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.