УКМК шарттарды аткарбаган курулуш компаниясынын батирлери мамлекетке кайтарылганын билдирди

УКМК Бишкек шаардык мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти менен бирге жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында жер участокторун пайдаланууга мыйзамсыз берүү жана ижарачылар тарабынан жерди пайдалануу шарттарын сактабоо фактылары аныкталып, аларга карата бир катар кылмыш иштери козголгонун билдирди.

Ага ылайык, турак жайлар мамлекетке кайтарылып, жалпы суммасы 593,9 миллион сом зыяндын орду толтурулду.

"Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө 2005-жылы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан "И.М.С." ЖЧКсына жана А.Э.Т. аттуу жаранга убактылуу пайдалануу үчүн жер тилкелери берилгени аныкталды. Жер участогун берүү шарттарына ылайык, аталган компания берилген аймакты көп кабаттуу үйлөр менен өздөштүрүшү керек болчу жана негизги шарттардын бири курулган батирлердин 10 пайызын муниципалдык менчикке берүү болгон. Бирок бул шарттар аткарылган эмес", - деп айтылат маалыматта.

Мэрияга алынган батирлер социалдык маселелерди чечүүгө жана өзгөчө муктаж болгон калктын аялуу катмарын турак-жай менен камсыз кылууга жумшалышы керектиги белгиленет.

"Жалпы аянты 6 644 чарчы метр болгон 100дөн ашык батир жана турак эмес жайлар муниципалдык менчикке өткөн 505 миллион сом суммасында жана 88,9 миллион сом мамлекетке кайтарылган. Толтурулган зыяндын жалпы суммасы 593,9 миллион сомду түздү", - деп айтылат билдирүүдө.

Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, ушул сыяктуу фактыларды аныктоо жана бөгөт коюу иштери улантылып жатканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан