Өлкөдө талапка жооп бербеген 14 мал базарга айып пул салынды

Өлкөдө талапка жооп бербеген 14 мал базарга 122 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргызстан боюнча 45 мал базар ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Анын ичинен 25 мал базар гана белгиленген ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берет. Облустар боюнча алып караганда:
- Баткен облусунда 8 базардын ичинен 6 мал базар ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берет;
- Жалал-Абад облусундагы 11 мал базардын ичинен 4 мал базар ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берет;
- Ош облусундагы 9 мал базар толугу менен ветеринардык-санитардык стандарттарга жооп берет;
- Чүй облусунда 8 мал базар толугу менен ветеринардык-санитардык стандарттарга жооп бербейт.
- Нарын облусунда 4 базардын ичинен 2 мал базар ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берет;
- Ысык-Көл облусунда 2 мал базардын ичинен 1 мал базар ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берет;
- Талас облусундагы 3 мал базары ветеринардык жана санитардык талаптарга толук жооп берет.
Белгилей кетсек, ушул жылдын 9 айында Өкмөттүн 2015-жылдын 14-июнундагы № 377 токтомунда көрсөтүлгөн ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербегендиги үчүн 14 мал базарга жалпы суммасы 122 миң сом айып салынды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан