Бүгүндөн тарта кышкы ЖРТга каттоо башталды

Жогорку окуу жайларга тапшыруу (ЖОЖ) үчүн кышкы Жалпы республикалык тестке каттоо (ЖРТ) онлайн режимде өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, ЖРТга каттоо (кышкы кабыл алуу үчүн) жашаган жери боюнча райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүндө онлайн режимде 17-октябрдан 27-октябрга чейин өткөрүлөт.

Катталуу үчүн жалпы орто же кесиптик орто билимин тастыктаган жана мамлекеттик үлгүдөгү документтер керек. Катталууга 2023-2024-окуу жылында жогорку окуу жайларда окубаган адамдарга уруксат берилет.

"ЖОЖдорго кышкы кабыл алууда окутуунун наркын төлөө келишими (контракт) боюнча гана жүргүзүлөт. Кабыл алуу үчүн ЖРТ тесттик мезгили 24-ноябрынан 30-ноябрына чейин", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан