ТИМ: "Кыргызстанда Индия жана Кытай жарандары 7 күнгө чейин визасыз жүрө алат"

Кыргызстанга кирүүнүн айрым шарттары сакталган учурда Индия жана Кытай жарандары үчүн 7 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизилет. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, АКШ, Улуу Британия жана Шенген зонасы сыяктуу өлкөлөрдүн узак мөөнөттүү көп жолку визаларынын ээлери болгон Индия жана КЭР жарандары өлкөдөн чыгып кеткен күндөн тартып 21 күн өткөндөн кийин кайра кирүү укугу менен 7 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим каралган.

"Ал эми Кытай, Макао жана Гонконг атайын администрациялык райондорунун туруктуу жашоочулары үчүн кайтарылуучу авиабилет болгон учурда 30 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизилет. Мында Кыргызстандан чыккан күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин кайра кирүү укугу берилет", - деп айтылат маалыматта.

Маалыматта бул чаралар туристтик агымдарды андан ары стимулдаштырууга жана инвестициялык жана ишкердик жагымдуулугун жакшыртууга багытталгандыгы тууралуу айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан