АКШ президенти Жо Байден 18-октябрда иш сапары менен Израилге барат. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
“Шаршембиде мен ХАМАСтын ырайымсыз террордук чабуулуна каршы тилектештик билдирүү үчүн Израилге барам. Андан соң Иорданиядагы керектүү гуманитардык муктаждыктарды чечип, лидерлер менен жолугам. ХАМАС палестиналыктардын өз тагдырын өзү аныктоо укугун жактабай турганын ачыктайм", - деп жазды Жо Байден.
Белгилей кетсек, Израиль менен палестиналык ХАМАС кыймылынын ортосундагы согуш 7-октябрдан бери уланууда. Абал курчугандан бери 2800дөн ашуун палестиналык жана 1300 израилдик каза тапты.
Учурда Израиль Газа тилкесине электр жарыгын жана суу берүүнү токтотуп, толук блокадага алган. БУУ жана дүйнөнүн бир нече өлкөсү Израиль бийлигинин аракеттерин сынга алууда.