Бишкекте судья пара алып жаткан жеринен кармалды

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы кармалды. Бул тууралууу бүгүн, 17-октябрда УКМКдан билдирди.

Маалыматка ылайык, каралып жаткан кылмыш иши боюнча оң чечим чыгарып берүү үчүн 2 миң доллар пара талап кылып, аны алып жаткан учурда Ленин райондук сотунун судьясы К.Н.Т. кармалды. Ошондой эле ортомчулар катары иш алып барышкан судьянын консультанты Ш.Ч.Т. жана судьянын жакын досу Т.М.Ш. да кармалды.

"Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө судья К.Н.Т.нын банктык которуулар аркылуу ушул сыяктуу опузалап талап кылуу жана ири өлчөмдөгү пара катары акча каражатын алуу боюнча бир катар фактылары аныкталды. Айыпталган адамдардан которулган акча каражаттарынын алып туруучу болуп судьянын тууганы Т.Н.Н. жана анын эжеси К.А.Т. катышкандыгы такталды", - деп айтылат маалыматта.

Тергөө иштеринин алкагында судьянын тууганы Т.Н.Н. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен №1 тергөө абагына камакка алынды.

"5-сентябрда УКМК тарабынан чогултулган материалдарынын негизинде, Башкы прокуратура тарабынан аталган судьяга карата Кылмыш-жаза кодексинин 342 жана 343-беренелеринде (Опузалап пара талап кылуу жана алуу) каралган кылмыш белгилери боюнча экинчи кылмыш иши козголгон.

16-октябрда Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Ленин райондук сотунун судьясы К.Н.Т. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен УКМКнын тергөө абагына камакка алынды", - деп айтылат билдирүүдө.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан