“Көк бөрү” федерациясынын президенти Талас Бегалиев кызматтан кетти. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 17-октябрда SUPER.KG порталына федерациянын басма сөз кызматы тастыктады.
Маалымдалгандай, бүгүн ал Федерациянын кезектеги жыйынында отчёт берип, өз каалоосу менен кызматтан кетүү үчүн арызын жазды.
Бегалиев бул кызматты 2 жыл аркалады.
Ал эми "Көк бөрү" федерациясынын президенти болуп Рамис Жунусалиев дайындалды.