Ош шаарында дарыканалардын биринде каракчылык жасаган 18 жашар жаран кармалды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 17-октябрда Ош ШИИБден тастыкташты.
Маалыматка караганда, Ош ШИИБдин милиция кызматкерлери 13-октябрда Ош шаарындагы А.Шакиров атындагы көчөдө жайгашкан дарыканалардын бирине түнкү саат 23:00 чамаларында кирип, дарыкананын сатуучусун белгисиз курал менен коркутуп, 90 миң сом акча каражатын карактап алып кеткен жаран кармалды. Кармалган шектүү Ош шаарынын 18 жаштагы тургуну М.Р. аттуу жаран экендиги аныкталды.
Ага ылайык, шектүү 14-октябрда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй, шектүү карактап алган акчалардын айрым суммасын өз кызыкчылыгына иштетип жиберген. Ал эми колундагы куралы Макаров күжүрмөн тапанчасына окшош пневматикалык тапанча болгон. Курал далил буюму катары алынды.
"Кечээ, 16-октябрда Ош шаардык соту тарабынан шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, 2 ай камакта кармоо боюнча чечим чыгарды", - деп айтылат маалыматта.