Бишкекте Цэрендаш Монхзул аттуу чет өлкөлүк жаран изделүүдө (фото)

Бишкекте Цэрендаш Монхзул аттуу чет өлкөлүк жаран изделүүдө. Бул тууралуу Ленин РИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 13-октябрында Ленин РИИБне М.А. аттуу жаран кайрылган. Ал 1993-жылы туулган мекендеши Цэрендаш Монхзулду табууга жардам берүү өтүнгөн.

Изделип жаткан жаран 12-октябрда болжол менен саат 16:00 чамасында Үмөталиев көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда.

Өзгөчө белгилери: бою160-162 сантиметр, чачы ачык күрөң түстө, орто денелүү. Үстүнө ак футболка, ачык көк түстөгү жынсы шым, бутунда боз өңдөгү бут кийим кийип жүргөн.

Ленин РИИБи жогорудагы жаранды көргөн-билгендер болсо 0( 312) 352-605, 0( 553) 102- 465, 0( 703) 501-600, 0(553) 102-880, 0(502)250-815 же 102 номурларына чалууну өтүнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан