Баткенде 24 жаштагы милиция кызматкери өз жанын кыйды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 17-октябрда Баткен ОИИБден тастыкташты.
Маалымдалгандай, окуя 15-октябрда саат 20:00 чамасында болгон. Маркум 24 жашта болчу. Ал Баткен ШИИБде кызмат кылган.
Бул маалымат Кадамжай РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.