Бишкекте 23 жаштагы жигит iPhone 12 Pro телефонун уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда Бишкектин Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 16-октябрда милицияга шаар тургуну кайрылып, 13-октябрда болжол менен таңкы саат 05:30да белгисиз жаран үйүнө кирип, 70 миң сомдук iPhone 12 Pro телефонун уурдап кеткенин билдирген.
"Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 23 жаштагы А.О. аттуу жаран кармалган. Шектүү тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган", - деп айтылат маалыматта.
Учурда иликтөө иштери уланууда.