Ала-Букада Кыргызстандын аймагынан коңшу Өзбекстанга мал айдап бара жаткан адамдарды чек арчылар байкап калгандан кийин, алар малды таштап качып кетишти. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Маалыматка ылайык, Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары кызмат өтөө учурунда Кыргызстандан Өзбекстанга ири мүйүздүү малды айдап өтүп жаткан адамдардын тобун байкашкан.
Чек арачыларды көргөндө чек араны бузуучулар качып жөнөшкөн. Эскертүү иретинде атылган окко көңүл бурбай, чек араны бузгандар малды таштап салып качып жашынууга аракет кылышкан.
Тиешелүү документтер толтурулган соң ири мүйүздүү мал мындан аркы териштирүү иштери үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.