Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбековдун Белградда өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалдык беттешине суктанды.
"Грек-рим күрөшү ушундай болушу керек" деп жазып, кыргыз балбанынын финалдык беттешинен кыска видео жүктөдү уюм.
Жоламан Шаршенбеков бул финалда япониялык Кеничиро Фумита аттуу балбан менен кез келген. Эки балбан укмуштуудай кызыктуу беттеш тартуулап, беттеш 11:6 эсебинде кыргыз балбанынын жеңиши менен аяктаган.