Тургун: "Сокулуктун Фрунзе айылындагы унаа жолдон окуучулар өтө албай жатышат" (видео)

Сокулук районуна караштуу Совхоз Фрунзе айылынын тургуну ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылып, өкмөттөн унаа жолго жөө жүргүнчүлөр өтүүчү чийинди чийип берүүсүн суранды. Ал унаа жолдон окуучулар өтүшөт.
Тургундун айтымында, мындан бир жыл мурда аталган айылдын унаа жолуна жөө жүргүнчүлөр өтүүсү үчүн атайын белги коюп кетишкен, бирок чийиндерин чийген эмес.ь
"Сокулук районунун Совхоз Фрунзе айылында болжол менен 60ка жакын түтүн жашайт. Биз унаа жолго жөө жүргүнчүлөр өтүүчү чийинди чийип берүүсүн суранып, айыл өкмөткө кайрылганбыз. Бирок алар бизди угушкан жок. Мындан бир жыл мурда белгини коюп кетишкен, бирок чийинди чийген эмес. Ал жолдон балдарыбыз өтөт. Унаа сүзүп кетеби деп коркобуз. Унааларын катуу айдап өтүшөт. Биз айыл өкмөткө 8 жылдан бери кайрылып келе жатабыз. Эч кандай майнап чыкпай жатат. Мындан тышкары ошол унаа жолдун берки жагына да тротуар салып беришсе жакшы болмок", - деди тургун.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Тургун: "Сокулуктун Фрунзе айылындагы унаа жолдон окуучулар өтө албай жатышат"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан