Орусиядан 100 тоннага жакын жайыт үрөнү сатып алынды

Орусиядан жайыттарды жакшыртуу максатында 100 тоннага жакын үрөн сатып алынды. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кунарсыз жайыттарды жакшыртуу максатында Орусиядан 99 тонна 500 килограмм жайыт үрөнү сатып алынып, Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаменти тарабынан айыл өкмөт, жайыт комитеттерине таратылып берилди.

Учурда климаттык шартка жараша себүү графиктери түзүлүп, үрөндөрдү себүү иштери жүрүп жатат. Республика боюнча 2 миң 432 гектар жайыт аянтына үрөн себилип, 24 пайызга аткарылды. Облустар боюнча алып караганда:

-️ Нарын облусу - 112 гектар;

-️ Ош облусу - 972 гектар;

- Жалал-Абад облусу - 469 гектар;

-️ Ысык-Көл облусу - 854 гектар;

-️ Чүй облусу- 25 гектар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан