Мыйзамсыз миграциялык каналдын уюштуруучусуна 1700 доллар өлчөмүндөгү акча каражатын которуп жаткан учурда Кыргыз жараны Б.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Кабарлангандай, 11-октябрда атайын кызмат тарабынан Пакистандын жарандарын Кыргызстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу Казакстан тарапка кызматтык өткөрүү пункттарын айланып өтүү фактылары боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1983-жылы туулган Э.Б. аттуу Кыргыз жараны Чүй облусунун аймагынан кармалды.
Кармалган жарандар Октябрь райондук сотунун чечими менен 2 айлык мөөнөткө Бишкек шаарындагы №1 тергөө камак жайына киргизилди.
Учурда Кыргызстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу чет элдик жарандарды мыйзамсыз алып өтүүгө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.