Бишкек Ленин РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 10-октябрда А.К. аттуу жаран Бишкек Ленин РИИБге ОсООлордун биринин Э аттуу менеджерине чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда 13-сентябрдан 10-октябрга чейинки убакыттын аралыгында компаниянын диллерлеринин ишеничине кирип, сатылган керамикалык плиткалардын (кафель) акчасын компаниянын счётуна салбай, өзүнүкүнө которуп жүргөн. Жалпы келтирилген материалдык зыян 603 миң сомду түзгөн.
Аталган факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү деп 1986-жылы туулган Э.А. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Буга байланыштуу учурда тергөө иштери уланууда.