Кышкы ЖРТга каттоо үчүн керектүү документтердин тизмеси 

Быйыл Жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуу боюнча Жалпы республикалык тестке каттоо 17-октябрдан 28-октябрга чейин онлайн жүргүзүлөт. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун өкүлдөрү маалымат жыйынында билдиришти.

Маалыматка караганда, кышкы кабыл алуу боюнча ЖРТга катышуу орто билимге же кесиптик орто билимге ээ адамдарга гана уруксат
берилет.

"2024-жылдын бүтүрүүчүлөрүнө (мектептердин 11-класстарынын же техникумдардын, колледждердин бүтүрүүчү (акыркы) курстарынын окуучуларына, жогорку окуу жайлардын студенттерине) уруксат берилбейт. ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу окутуунун наркын төлөө келишими (контракт) боюнча гана абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу үчүн жүргүзүлөт" деп билдиришти мекемеден.

Каттоодон өтүү үчүн керек болгон документтер:

*Паспорт (паспорт ала элек болсо, туулгандыгы тууралуу күбөлүк);

* Орто билим же кесиптик орто билим жөнүндөгү аттестат;

* ЖРТга каттоо акысын төлөгөндүгүн тастыктаган дүмүрчөк.

Белгилей өтчү жагдай, бардык документтердин түп нускасы керектелет.

Кышкы кабыл алуу боюнча ЖРТга каттоодо негизги тесттин жана ар бир предметтик тесттин баасы 470 сомду түзөт. ЖОЖдорго (кышкы кабыл алуу) негизги тестти жана медициналык, фармацевтикалык адистикке предметтик тесттерди сөзсүз тапшыруу керектиги айтылды.

Кабыл алуу үчүн ЖРТ тесттик мезгили 24-ноябрынан 30-ноябрына чейин жүргүзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан