"Күн ачык болот". Бейшембиге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 19-октябрда Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+20,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19 даража болсо,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24 градуска жетет.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18,

Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +14…+19.

Ал эми борбор калаа Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +18…+20 градус болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан