Адахан Мадумаровдун ден соолугу тынчсыздандырат. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова Адахан Мадумаровдун Биринчи Май сотунда жабык эшик артында өтүп жаткан отурумуна барган учурда SUPER.KG порталына билдирди.
“Мен "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын өкүлү катары Мадумаровду колдоо үчүн сотко келдим. Судья соттук отурум жабык эшик артында болору тууралуу чечим чыгарды. Ал менин да соттук залдан чыгуумду айтты. Мен анын айтканына баш ийип залдан чыктым. Соттук отурум жабык эшик артында өткөрүлүүдө.
Мен Адахан Кимсанбаевичтин ден соолугун сураганга жетишип калдым. Ал ден соолугу жакшы экендигин айтты. Анын мүнөзү баарыбызга белгилүү да. Эч качан ден соолугунун начарлагандыгы тууралуу арызданган эмес. Бирок анын ден соолугу баарыбызды тынчсыздандырат. Мен ишенем сот туура чечим чыгарат деп”, - деди Кожокулова.
Белгилей кетсек, бүгүн, 18-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда депутат Адахан Мадумаровдун иши боюнча алдын ала соттук угуу жабык эшик артында өтүүдө.