Кооптуу сиреналардан улам Израилге келген Германиянын канцлери Олаф Шольц жана анын делегациясы өз убагында учуп кете кете алган жок. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы жазды.
Шольц жана анын делегациясы учакка отуруп учар алдында сирена жаңырган. Мындан улам алар учактан чуркап түшүп, асфальтка жатышкан. Андан соң саясатчыны имаратка унаа менен алып барышкан, ал эми калган жүргүнчүлөр аэродромдо калышкан.
Шольц Израилге кечээ, 17-октябрда тилектештик сапары менен келген. Германиянын канцлери Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, башка маселелер менен катар Газа тилкесине гуманитардык жардам жеткирүү маселесин талкуулаган.