"Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт" ишканасы "D" категориясындагы айдоочуларды өз командасына чакырат. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, "ВС" категориясы бар айдоочулар үчүн "Д" категориясына акысыз окутуу жана практика каралган, курсту аяктагандан кийин биз расмий жумушка жана татыктуу эмгек акыга кепилдик берилет.
Айдоочуларга талаптар: 21ден 60 жашка чейин. Айлык маянасы 50 миң сомду түзөт.
"Бардык суроолор боюнча төмөнкү номерлерге кайрылыңыздар: 0312 531768, 0550553444,
WhatsApp: 0555 525 452", - деп айтылат маалыматта.