Баткенде рейд учурунда мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал алынды

Кадамжайда “Нелегал” рейддик иш-чара учурунда мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал алынды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, район аймагында өткөрүлүп жаткан рейддик иш-чараларынын алкагында милиция кызматкерлери маршруттук топторго бөлүнүп, район аймагындагы коомдук тартипти көзөмөлдөө үчүн алдын алуу багытында жарандарга, соодагерлерге түшүндүрүү иштерин өткөрүүдө.

Иш-чаранын жүрүшүндө Орозбеков айыл аймагынын 28 жаштагы тургунунан мыйзамсыз көтөрүп жүргөн сайлуу ТОЗ-8 жана сайсыз ИЖ-16 үлгүсүндөгү ок атуучу куралдары алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан