Хабиб Нурмагомедов Газадагы ооруканага жасалган соккуну кескин айыптады

UFC уюмунун мурдагы чемпиону, орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов Израилдин Газадагы "Аль-Ахли" ооруканасына жасаган соккусун кескин айыптады.

"Балдар жана качкындар толгон оорукананы бомбалоо тынчтыкка карай жол эмес. Бул геноцид", - деп жазды мушкер социалдык тармактагы баракчасына.

Газа тилкесиндеги ооруканага кол салуу 17-октябрда болгон. Акыркы маалыматтар боюнча соккудан ооруканадагы 500дөй адам каза болуп, 300дөй адам жабыркаган. Жеринде издөө-куткаруу иштери уланууда, андыктан бул акыркы сандар эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан