Бишкекте эркек киши бычак менен коркутуп, аялдын  3 миң долларын тартып алган

Бишкекте белгисиз адам күндүзү эле бычак менен коркутуп, аялдын 2 миң долларын жана 96 миң сомун тартып алган. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 4-октябрда Медеров көчөсүндөгү курулуш компаниялардын биринин кеңсесинде болгон. Болжол менен саат 15:05те Э. аттуу киши бычак менен коркутуп, К.Ж.дан 2 миң доллар жана 96 миң сомун алып, белгисиз тарапка из жашырып кеткен.

Бул фактынын негизинде Октябрь РИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Каракчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

"Иликтөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан 1999-жылы туулган Э.Э. кармалды. Ал тергөө кызматына жеткирилип, Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесине ылайык, ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Октябрь райондук соту шектүүгө карата Бишкек шаарынын №1 СИЗОсуна эки айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады",-деп айтылат маалыматта.

Тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан