Италиялык компания Кыргызстанда курулуш материалдарын чыгаруучу ишкана түзүүнү көздөөдө 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров италиялык “Breton S.p.A.” компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, компания Кыргызстанда алдыңкы технологияларды жана жабдууларды колдонуу менен курулуш материалдарын чыгаруучу биргелешкен ишкана түзүүнү көздөөдө. Тактап айтканда, ишкана цемент плиталарын, кварц негизиндеги плиталарды жана башкаларды чыгарат.

"Акылбек Жапаров Министрлер кабинети инвесторлорго колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгилеп, өлкөдө өндүрүш үчүн чийки зат базасы боло турган кендер бар экенин кошумчалады", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан