Бишкекте төрт Үй-бүлөлүк медицина борборунда балдар бөлүмү ачылды

Бишкекте төрт Үй-бүлөлүк медицина борборунда балдар бөлүмү ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаарындагы №7 үй-бүлөлүк медицина борборундагы балдар амбулаториялык бөлүмүнүн ачылыш аземине катышты.
Белгилей кетсек, жаңы ачылган балдар бөлүмүндө педиатрлардан тышкары ЛОР, невропатолог, окулист сыяктуу дарыгерлер бейтаптарды кабыл ала башташты.

Маалымат үчүн:

Бишкек шаарында 4 балдар амбулаториясы уюштурулган: №7 Үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалында: Киев көчөсү, 154; № 1 Үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалында Фучик көчөсү, 13; №4 Үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалында, Бөкөнбаев көчөсү, 61; № 6 Үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалында, Тыныстанова көчөсү, 1.

Суроолор боюнча ҮМБнын жетекчилерине кайрылса болот:

- Тенизбаева Асель Тенизбаевна, №6 ҮМБнын директору, Октябрь району. Тел.: +996 555 928 392;

- Касымалиева Айнагул Касымалиевна, № 4 ҮМБнын директору, Свердлов району. Тел.: +996 555 951 459;

- Чарабаева Дамира Алтынбековна, №7 ҮМБнын директору, Биринчи Май району. Тел.: +996 550 151 528;

- Сатаев Чоро Болотбекович, Ленин району, №1 ҮМБнын директору. Тел.: +996 772 667 319.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан