Кыргыз спортчулары Бүткүл дүйнөлүк оюндарга катышат

Дене тарбия жана спорт департментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев Эр-Рияд шаарында (Сауд Аравия) өтө турган Бүткүл дүйнөлүк оюндарынын катышуучуларын кабыл алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалымдалгандай, Самат Токтоналиев 15 спорттун түрүнөн өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк оюндары спортчулардын тажрыйбасын арттырууга чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн айтты. Ошондой эле ал өлкөнүн намысын коргоп желегин желбиретип келерине ишенерин кошумчалады.
Белгилей кетсек, самбо, джиу-джитсу, карате жана грепплинг боюнча курама командаларынын мүчөлөрү Эр-Рияд шаарында (Сауд Аравия) өтө турган Бүткүл дүйнөлүк оюндарга катышат. Мелдеш 20-30-октябрь күндөрү өтүп, спорттун 15 түрүнөн (айкидо, дзюдо, жиу-житсу, каратэ, кендо, бокс, кикбоксинг, муай-тай, самбо, савате, сумо, таэквондо, күрөш, ушу, фехтование) беттештер өтөт. Жиу-житсу боюнча 94 килограммга чейинки салмакта Руслан Сагдеев катышат.
Грепплинг боюнча курама команда:
- 100 килограмм Евгений Слесаренко;
- 66 килограмм Сыймык Махмедов;
- 71 килограмм Бүбүсайра Абдилманап кызы;
- 58 килограмм Жеңишгүл Абдырахман кызы.
Самбо боюнча курама команда:
- 98 килограмм Бекназар Жээмырзаев (күжүрмөн самбо);
- 88 килограмм Жамалбек Асылбек уулу (спорттук самбо);
- 65 килограмм Мираида Медетбек кызы (күжүрмөн самбо);
- 79 килограмм Адилет Алымкулов (көзү азиздер арасында спорттук самбо);
- Максат Обонов – машыктыруучу;
- Азамат Казакбаев – башкы машыктыруучу.
Карате боюнча курама команда:
- 50 килограмм Умида Айсаева;
- 75 килограмм Назим Нурланов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан