Садыр Жапаров Социалдык коргоо жана кесиптик кошуун кызматкерлеринин күнү менен куттуктады

Мамлекет башчы Садыр Жапаров өлкөнүн Социалдык коргоо жана кесиптик кошуундар кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы өз куттуктоосунда, экономикалык жана социалдык кыйынчылыктарга карабастан, жөлөк пулдар менен пенсияларды жогорулатуу боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жаткандыгын айтып, мындан ары да улана берерин кошумчалады.

"Урматтуу социалдык чөйрөнүн кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Боорукерлик, күйүмдүүлүк, сабырдуулук менен миңдеген муктаж жарандарыбызга кол сунуп, жашоосуна үмүт, өмүрүнө нур берген түйшүктүү эмгегиңиздер теңдешсиз.

Мамлекеттин социалдык саясатындагы бардык катмардагы жарандардын татыктуу жашоосу үчүн кам көрүү аракеттери жыл сайын артып барат. Экономикалык жана социалдык кыйынчылыктарга карабастан, жөлөк пулдар менен пенсияларды жогорулатуу боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө жана мындан ары да улана берет.

Мындай ийгиликтер соӊку жылдары өлкөбүздө орногон тынчтыктын, туруктуулуктун жана сиздердин ар тараптуу изденген ишиңиздердин натыйжасында жаралууда. Ошентип “Ынтымак бар жерде – ырыс бар” дегендей, биримдиктин, өз кесибине берилүү менен мээнет кылуунун артында оӊ өзгөрүүлөргө, экономикабыздын жандануусуна жол ачылды.

Ардактуу эс алуудагы жарандарыбызды пенсия менен камсыздоо жаатында алгылыктуу иштер жүргүзүлүп, 1-октябрдан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 38%га жогорулатылды. Бул биздин пенсионерлер үчүн татыктуу шарттарды камсыз кылууда маанилүү кадам!

Быйылкы кесиптик майрамыңыздар Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 30 жылдыгына туш келип олтурат. Социалдык фонд улгайган жарандардын турмушун жакшыртууга өз салымын кошуп, коомдо социалдык адилеттүүлүк принцибин ишке ашыруу милдетин татыктуу өтөөгө тийиш.

Урматтуу социалдык коргоо жана кесиптик кошуун кызматкерлери!

Кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм! Турмуштук оор кырдаалдарга кабылган жарандарыбызга ар тараптуу кызмат кылуу менен алардын бата-тилектерине арзып келатасыздар.

Ар дайым мээнетиңиздердин акыбети кайтсын! Түмөн түйшүктүү эмгегиңиздер үчүн терең ыраазычылык билдирем.

Бардыгыңыздарга чың ден соолук, узак жана бакубат турмуш каалайм!

Жараткан элибизге ынтымак, жергебизге береке берсин!", - деди өлкө башчы өз куттуктоосунда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан