Казакстанда полиция кызматкерлери Шымкенттеги кирпич заводдорунда мыйзамсыз кармалган Өзбекстандын 60тан ашык жаранын эмгек кулчулугунан бошотту. Ишканалардын ээлери кармалды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Ички иштери министрлигине таянып, жергиликтүү басылмалар жазышты.
Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, аларга маалыматты Актөбөдө жашаган 23 жаштагы өзбекстандык жигиттин карындашы берип, бир тууганын Алматы шаарынан белгисиз бирөөлөр уурдап кеткенин айткан.
"Белги алгандан кийин Алматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын жана Ауэзов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Шымкентке жөнөп, ал жерден 1992, 1994 жана 1992-жылы туулган үч "иш берүүчү" кармалды", - деп билдирди ИИМ.
Алар өзбек жарандарынын документтерин тартып алып, маяналарын бербей, маал-маалы менен физикалык күч колдонуп, ур-токмокко алышкан.
Жабырлануучулардын 25и “Сана сезим” укуктук борборунун кароосуна, калгандары өздүгүн тастыктоочу документтери жок болгондуктан кабыл алуу бөлүмүнө жаткырылды.
Кирпич заводдордун ээлерине карата “Эмгекти эксплуатациялоо максатында мыйзамсыз түрдө эркиндигинен ажыратуу” жана “Ээнбаштык” беренелери боюнча кылмыш иши козголду.