Бишкекте "Кумтөр" компаниясынын 30 жылдыгы белгиленүүдө

Бүгүн,19-октябрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз мамлекеттик филармониясында "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын 30 жылдыгы белгиленүүдө.

Маалым болгондой, салтанаттуу иш-чара президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өтүүдө.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө катышуучуларды маараке менен куттуктап, "Кумтөр" Кыргызстандын экономикасына жаңы дем бергенин айтты.

Ошол эле учурда долбоордун тегерегиндеги талаш-тартыштардын чечилиши Кыргызстандын эл аралык инвестиция үчүн жагымдуулугуна оң таасирин тийгизгенин белгиледи.

Эске салсак, "Кумтөр" компаниясы Кыргызстандын менчигине 2022-жылдын апрель айында өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан